• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Куудул Рахман Разыков каза болду

7 Кулжа 2021 9:00 Бишкек Govori.TV

Куудул Рахман Разыков каза болду. Маалыматты кесиптештери ырасташты.

Белгилүү куудул 6-июндан 7сине караган түнү дүйнөдөн кайтты.

Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында туулган. Студент кезинде бул өнөрү менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, «Таң жылдызы» деген топту негиздеген. Кийин “Бешилик”, “Беш кемпир» топторун түзгөн.

Govori. TV мультимедиалык агенттигинин жалпы жамааты Рахман Разыковдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Количество просмотров: 2456