• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кычкылтек концентратор алдыртып берем деп акча алып, алдап кеткен жаран кармалды

29 Теке 2020 12:33 Бишкек Govori.TV

Кычкылтек концентраторун алып келип берем деп жарандарды алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 7-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясына Улан кичирайонунун И.Э., аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү Бишкек шаарынын Раззаков көчөсүндөгү үйүдүн жанынан бейтааныш Максат аттуу жаран алдамчылык жол менен ишеничке кирип, кычкылтек концентратын 300 АКШ долларына алып келип берем деп ошол бойдон изин жашырып кеткендигин билдирген.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталган.

Тергөө тапшырманын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын 28-июль күнү кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун Түп районунун 1997-жылы туулган О.М., аттуу тургуну кармалды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран буга чейин дагы беш жарандын ишеничине кирип, акчасын алып качып кеткендиги аныкталган.

Учурда шектүү жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 170