• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыдыргычев: Путиндин учагынын Бишкекке араң конуусунун себеби смог эмес

10 Бештин айы 2019 12:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекти каптаган кара түтүнгө байланыштуу кептер көбүртүлүп тарап жатат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын башчысы Аязбек Кыдыргычев бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Ал өз сөзүндө мисал катары ЖККУнун саммитине катышууга келген Россиянын президенти Владимир Путиндин учагы смогдун айынан «Манас» аба майданына араң конду деген маалыматты келтирди.

«Путиндин учагы конуп жаткан учурда өтө катуу туман болгон. Ал эми маалыматтар каптаган түтүндүн айынан араң конгону айтылууда. Албетте смог бар, бирок анчалык деңгээлде деп айтуу туура эмес», — деди Кыдыргычев.

Эске салсак, Бишкектеги смогдон улам Путиндин учагы аба майданга араң конгону тууралуу маалыматтар орусиялык басылмаларда да тараган.

Количество просмотров: 99