Кыргыз-Кытай чек арасы 1-Май — Эмгекчилердин эл аралык күнүнө байланыштуу 2 күнгө жабылат. Бул тууралуу маалыматты мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматта, Кытай тараптын сунушу менен 30-апрелден 2-майга чейин Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата «Эркеч-Там» жана «Торугарт» көзөмөл өткөрүү-бекеттерине убактылуу чектөө киргизилет. Каттам 2-майда ачылат.