“Кыргызстан” фракциясына отчет берүүгө Сапар Исаков өзү келди
“Кыргызстан” фракциясына отчет берүүгө Сапар Исаков өзү келди
13 Чын куран 201814:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.04.2018. Govori.TV
ЖКнын “Кыргызстан” фракциясына 2017-жылдагы Өкмөттүн аткарган иштерин боюнча отчет берүүгө премьер-министр Сапар Исаков өзү келди. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынан кабарлашты.
Анда белгилүү болгондой, депутаттар өкмөт курамынын ишин талкуулап, талкуудан кийин отчетка баасын бермекчи.
Эске сала кетсек, түшкө чейин Сапар Исаков парламенттеги “Атмекен” жана “Өнүгүү” фракцияларынын жыйынына отчет берүүгө келбей койгон.