Кыргызстан «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча Грузиянын тажрыйбасын изилдейт
Кыргызстан «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча Грузиянын тажрыйбасын изилдейт
18 Теке 201815:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.07.2018. Govori.TV
Бүгүн 18-июлда Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Тбилиси шаарында «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин Саммитине катышуунун алкагында «Коопсуз шаар» долбоорунун иши менен таанышты.
Грузин тараптын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын майында ишке кирген бул Борбор патрулдук милицияны реформалоонун негизги компоненти болуп саналат.
Жаңы борбор заманбап инфраструктура, жарандардын кезегин башкаруу тутуму, электрондук кол тамга жана маалыматтык технологиялар менен жабдылган. Грузиянын жарандары, ошондой эле чет элдиктер мында «бирдиктүү терезе» принциби боюнча патрулдук милициянын ишмердигине байланыштуу мамлекеттик кызматтардын 50 түрүн колдоно алышат. Мындан тышкары Биргелешкен операциялар борборунан түшкөн маалыматтардын негизинде өлкө жарандары жолдордогу административдик бузуулар үчүн айыптарды төлөшөт.
Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев Грузия ИИМинин Ыкчам башкаруу борборунун «112» тез жардам кызматынын ишмердиги менен таанышты. Өкмөт башчыга маалымдалгандай, «112» кызматы калкка экстрендик жардам көрсөтүү үчүн Грузиянын ар тарабынан күнү-түнү телефон чалууларды кабыл алат. Маалымат кабыл алынгандан кийин ал өрт өчүрүүчү-куткаруучуларга, патрулдук же медициналык тез жардам кызматтарына берилет.
Ыкчам башкаруу борборун түзүүнүн негизги максаты — адистештирилген кызматтардын топтоштурулган иши аркылуу жарандарга зарыл жардамдын ыкчам жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү болуп саналат. Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине адистердин деңгээлинде бул Борборлордун ишин уюштуруу тажрыйбасын дыкат изилдөөнү тапшырды.