• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда чет элдиктер үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсү киргизилди

8 Кулжа 2018 11:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.06.2018. Govori.TV. 
Кыргыз Республикасында чет элдик юридикалык жана физикалык жактар үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсү киргизилди. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Аталган чечим өлкөнүн аймагында транспортук каражаттарды каттоонун, кайрадан каттоонун жана каттоодон чыгаруунун, орнотууларды жана жабдууларды каттоонун бирдиктүү тартибин киргизүүгө, транспорттук каражатты пайдаланууга берүүнү тартипке келтирүүгө  багытталган.
Чет элдиктер үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсүнүн киргизилиши чет элдик юридикалык жана физикалык жактар үчүн каттоо тейлөөсүн өз мөөнөтүндө жана тоскоолдуксуз алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тараптан жол кыймылы коопсуздугу жаатындагы көзөмөлдүн камсыздалышын жакшыртат.
Количество просмотров: 22