• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең БШК талапкерлердин бюллетендеги номерин чүчүкулак аркылуу аныктайт

7 Жетинин айы 202515:08 Бишкек Govori.TV

 Эртең, 8-ноябрда 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо, мамлекеттик телерадиолордо талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКдан маалымдашкандай, мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз кызматташып, БШКнын атайын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары бир катар иш-чараларды жүргүзөт:

– мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чүчүкулак өткөрүү үчүн имараттарды техникалык жабдуулар менен лототрондорду камсыздоо;

– чүчүкулакты өткөрүүдө коомдук, анын ичинде эл аралык байкоочуларга катышууга жол берүү;

– чүчүкулакты өткөрүү боюнча ЖМК өкүлдөрүнө алдын ала кабар жөнөтүү.

БШКнын атайын өкүлдөрү жана округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары 8-ноябрда өтүүчү иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү көзөмөлгө алат.

Чүчүкулак өткөрүү иш-чараларынын графиги тиркелди.

Количество просмотров: 120