• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстандык Валентина Шевченко каршылашын канжалата сабап салды

5 Бирдин айы 2018 8:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05. 02. 2018. Govori.TV

Кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко Бразилияда өткөн UFC Fight Night 125 турниринин алкагында каршылашы Присцила Кечоейраны канжалата сабап салды. Бул боюнча дүйнөлүк спорт сайттары жазып, мушташтын тасмасы интернетти ээлеп калды.

Анда спорт эксперттери белгилешкендей, Валентина Шевченко каршылашы менен мушташууда  өзгөчө артыкчылыктуу экенин далилдеп,  сокку үстүнөн сокку жаадырган. менен беттешип жеңишке жетишти.  UFC уюмунун чыгарган жыйынтыгына таянсак, жалпысынан эки раундда Шевченко 230 сокку урган. Ал эми Кечоейра болсо араң 3 жолу муштап калууга үлгүргөн.

Колу мененен буту тең иштеген кыргызстандык кыз каршылашына даректүү соккуларды жиберип, жерге көтөрүп уруп, колдорун байлап, жүзүнө тынымсыз сокку урганда атаандаштын бетинен кан агып, мурушту токтотууга аргасыз болгон.

Эске сала кетсек, бул Валентина Шевченконун 2018-жылдагы алгачкы беттеши.  Ал дзюдо боюнча Кыргызстандын, бокс боюнча Россиянын, таэквондо боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Тай боксу боюнча 12 жолку, кикбокстун К-1 версиясы боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Тай боксу боюнча аялдар арасында Дүйнөнүн мыкты спортчусу наамынын ээси. UFC уюмунун 62 килограммга чейинки салмак категориясынын рейтингинде 1-орунда турат.

https://www.youtube.com/watch?v=v5SQwWOy8mk

Количество просмотров: 12