• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстандын гербинин авторлорунун бири, сүрөтчү Асеин Абдраев дүйнө салды

14 Баш оона 2018 17:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.08.2018.Govori.TV.
Кыргызстандын гербинин авторлорунун бири, сүрөтчү Асеин Абдраев каза болду. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясы кабарлады.
Абдраев узакка созулган оорудан улам 13-августта көз жумду. Ал 70 жашта болчу. Маркумду акыркы сапарга узатуу аземи 16-августта Нарын шаарында өтөт.
Асеин Абдраев 1948-жылы Нарын районундагы Ак-Чий айылында туулган. 1969-жылы Бишкек сүрөтчүлөр окуу жайын, 1980-жылы Алматыдагы Абай атындагы университетти бүткөн.
1994-жылы милициянын генералы Садырбек Дубанаев менен бирге Абдраев Кыргыз Республикасынын гербин тартышкан.
Количество просмотров: 41