• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кырсыктан улам буту кесилген ымыркайга жардам керек!

16 Бирдин айы 2018 9:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16. 02. 2018. Govori.TV
Бишкектеги жол кырсыгынан улам жубайынан айрылып, 2 жашка чыга элек кызынын бир бутун кестирген Жыргал Чотонов коомчулуктан кызынын өмүрүн сактап калууга материалдык жардам сурайт.  Ушундай мазмундагы каттар учурда “вотсап” тиркемеси аркылуу баардык жарандарга жайылтылууда. Анда “билдирүүнү  канча адамга таратсаң ошончо тыйын кыздын атасына которулат” деп жазылган.

Сүрөт sputnik.kg сайтынан алынды

Govori.TV бул каттын чын-бышыгын тактоо үчүн Жыргал Чотоновдун өзү менен байланыштык. Ал коомчулуктан жардам сурап кайрылганы чын экенин, бирок, тарап жаткан каттын мазмуну бир аз ката экенин билдирди.
“Кудайдын жазганы экен, капыстан эле келинчегимен айрылып, жалгыз кызымды майып кылып отуруп калдым. Кызым оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Өзүм туруктуу ишим жок, андыктан, кызыма күчтүүрөөк дарыларды, витаминдерди берип, калган өмүрүн сактап калуу үчүн элден жардам сураганым чын. Бирок, вотсапта “катты канча адамга кетирсеңер ошончо тыйын которулат” деп жазылыптыр. А чынында аны бөлүшкөндөн мага тыйын түшпөйт, мага жардам бергиси келгендер 0771 81 76 15 номуруна элсом аркылуу каражат салууңуздарды суранам”,-дейт ал.
Атасынын айтымында, азыр кыздын абалы жакшырып келе жатат. «Кэчээтен бери кичинеден сүт, кошумча тамак иче баштады…»,-деди ал.
Андыктан, биз дагы кайрымдуу, бооркер жарандарды тагдырдын сыноосуна кабылган бул үй-бүлөөгө жардам берүүнү коомчулуктан суранабыз.
Количество просмотров: 44