• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кызылча оорусу менен ооругандардын саны 350гө жетти

30 Теке 201813:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.07.2018.Govori.TV
Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 350гө жетти. Бул туралуу Govori.TV сайтына Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Сатыгуловна билдирди.
Анын айтымында бул оору Кыргызстанга мигранттар аркылуу келген.
“Орусиядан эки жаш бала кызылча оорусу менен ооруп,врачтардын “үйдөн чыкпай дарылангыла!”- деген эскертүүсүнө карабай Кыргызстанга келе беришкен. Жыйынтыгында алар кызылча оорусунун таралуусуна себепчи болуп калды. Бул катталган оорулардын дээрлик бардыгын жаш балдар түзөт. Кызылча оорусу адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө анын шилекейи какыргы менен вирустар абага тарап,соо адамга өтө тездик менен жугат. Дагы бир айта кетчү жагдай бул оору көбүнчө ата-энелер балдарын эмдөөдөн өткөрбөгөнүнүн негизинде дагы келип чыгууда. Эгерде ата-эне балдарын убагында эмдетип, эрежени сактап жүрсө бул оорунун жуктуруп алуу коркунучу жок. Бирок катталган 350 адамдын ичинен өтө оор абалдагысы боло элек, баардыгынын абалы стабилдүү”-деп билдирди.
Белгилей кетсек, кызылча ооруусун жуктуруп алгандар коом менен аралашпай, үйдө өз алдынча дарыланганы талапка ылайык.
Количество просмотров: 18