5-июнда кечки саат он чамасында Бишкек шаарындагы СИЗО-1 мекемесинде камактагы адамдардын кыйкырык-сүрөөнү угулган. Ошол тараптагы жашоочулардын айтамында, мындай көрүнүш жарым саатка жакын созулду.
ЖАМК билдирген маалымат боюнча, кечээ камактагы адамдардын биринин туулган күнү болчу.
«Камактагы адамдар байланышта болбогондуктан куттуктоо үчүн каалгаларды такылдатышкан. Андан кийин эрежеге ылайык эс алуу мөөнөтү жарыяланды», — деп айтылат ЖАМКтын басма сөз кызматынын маалыматында.