• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыйноону алдын алуу борбору ИИМди 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тезинен чечүүгө чакырды

29 Үчтүн айы 2024 13:22 Бишкек Govori.TV

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Ички иштер министрлигине кайрылып, 13 күндөн бери милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тезинен чечүүгө чакырды. Бул тууралуу Улуттук борбор тараткан билдирүүдө айтылат.

Билдирүүдө БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясынын 1-беренесине ылайык, камалган журналисттерди Бишкек шаардык милициясынын жана Ички иштер министрлигине караштуу башка жайларда кармоо кыйноо катары баалана турганы айтылган.

“Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, тергөө сотунун чечими дароо күчүнө кирери жана ал милдеттүү түрдө аткарылышы керектиги белгиленген”, — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ бул боюнча маалымат бере элек.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалган.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттердин кармалышын айыптап, аларды тез арада бошотууга чакырууда.

Количество просмотров: 39