• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыйын: Акыркы коңгуроого акча чогултууну ким токтотот? (Түз эфир)

16 Бугу 2023 18:48 Бишкек Govori.TV

Мектептерде акыркы коңгуроо салтанатына карата мыйзамсыз түрдө акча жана башка чогултууларды жыйноого, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда мектептен сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери күнү-түнү күзөт уюштуруу жүктөлдү. Андан тышкары, кафе-ресторандарда өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди. 

Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.

«Акыркы коңгуроого акча чогултууну ким токтотот?» деген темадагы талкуунун катышуучулары:

Кылым Сыдыкбекова — Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Гузель Турдубаева — Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси.

Количество просмотров: 532