“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келди.
Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Балдарын таштаган мигранттар. Аргасыздыкпы?» деген тема талкууланат.
Катышуучулар: Элмира Аскарова — Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары; Толкун Асирдинова- Каракол шаардык кеңешинин депутаты жана Чолпон Сооронбаева- К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучусу.
Модератор: Атыр Абдрахматова.