«Быйылкы окуу жылы кандай болот? Он лайн окуунун оош-кыйышы», ушул теманын алкагында «Кыйын» ток-шоусунда талкуу башталды.
Талкууга, Баткен облусу, Сүлүктү шаары, Токтогул атындагы техникалык лицейдин мугалими — Намазбаева Гульнура, Нарын облусу, Терек айылы К. Молдобасанов атындагы орто мектебинин мугалими — Сабырбекова Аида, Ак -Талаа району Баетов айылы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Нурзат Молдокунова катышты.
Талкуунун модератору Кайыргуль Урумканова.
Эскерте кетсек, 18-19-июль күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында он-лайн тренинг өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 22 адам катталды.
Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, адвокаттар, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.
Тренинг өткөндөн кийин, ар бир айым «Кыйын» ток-шоусуна катышат.