Бүгүнкү «Кыйын» ток-шоусунда «Кыргызстанда «Азаттык» издеген азаттык барбы?» деген теманын алкагында сөз болмокчу.
Талкуунун катышуучусу Эркин Европа/Азаттык радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Сагындык кызы. Ал эми эфирдин модераторлору Таалайгуль Токтакунова жана Кайыргуль Урумканова.
Белгилей кетсек, буга чейин коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовду колдоо митингдери өткөн. Анда чогулгандар Матраимов ак жеринен камалганын айтышып, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарды, “Азаттыктын” ишин сынга алышкан.