• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыйын: Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы чоң кампания башталды (Түз эфир)

27 Жетинин айы 2023 17:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта «Аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча 16 күндүк активдүүлүк» кампаниясы башталды.

Кампаниянын максаты — аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрүн жоюу боюнча биргелешкен аракеттерди жана чараларды көрүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын күч-аракетин бириктирүү.

2023-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеп, экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылды.

ИИМдин маалыматына ылайык, Өлкөдө үстүбүздөгү жылдын он айында эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миң 400 учуру катталды. Зомбулуктан 3 564 аял жана 1 425 өспүрүм жабыркаган.

Улуттук статистикалык комитет жарыялаган отчётко таянсак, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны алты жыл ичинде дээрлик үч эсеге өскөн. Авторлор 2015-жыл менен 2021-жылга карата маалыматты салыштырган. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү — 96% — аялдар.

Катышуучулар: Динара Ашимова — Жогорку Кеңештин депутаты; Анара Айткурманова — БУУнун аялдар түзүмүнүн адиси; Жылдыз Дуйшенова — «Өлкөнүн келечеги» коомдун фондунун жетекчиси.

Модератор — Кайыргүл Урумканова.

Количество просмотров: 535