Өлкөдө президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Талапкерлердин арасында өзүн кудаймын деп жар салгандардан баштап абакта отуруп чаккандар, мурдагы депутаттар, пенсионерлер, коомдук ишмерлер, жумушсуздар а түгүл куудул жана акындар бар. Белгилей кетсек талапкерлердин 8и аял болсо 55и эркек.
“Кыйын” ток-шоусунда шайлоого аттангандар тууралуу сөз болот. Катышуучулар: Ишкер айым Айнура Орумбаева, «Нур Периште» балдар бакчасынын жетекчиси Мөлмөл Кубанычбек кызы, Ош облусунан келген мугалим Айгуль Мамажунусова.
Белгилей кетсек, Айнура, Орумбаева Мөлмөл Кубанычбек кызы, Айгуль Мамажунусовалар тренингдин катышуучулары. 12-13-14-ноябрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөргөн. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көлдөн 17 адам катышкан. Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.