Бүгүн «Кыйын» ток-шоусунда улут жүзү-спорт жана маданият тууралуу талкуу болот.
Катышуучулар: Маданият кызматкери Аида Нуракова , активист Аида Мамбетиминова.
Белгилей кетсек, Аида Нуракова менен Аида Мамбетиминова тренингдин катышуучулары. 12-13-14-ноябрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөргөн. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көлдөн 17 адам катышкан. Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.