• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыйын: Жаңы технологияга жетпеген айылдык балдар

1 Жетинин айы 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренингин өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 19 жаштан 30 жашка чейинки 17 айым катышты. Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жаш ишкерлер бар.

Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Жаңы технологияга жетпеген айылдык балдар» деген тема талкууланат.

Катышуучулар: Нуриза Мадаминова-студент, Айжан Жусупова — М. Жусупов атындагы орто мектепте англис тили сабагынан мугалим.

Модераторлор: Кайыргүл Урумканова жана Замира Кожобаева.


Количество просмотров: 382