«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында онунчу тренинг уюштуруп, өлкөнүн булуң-бурчунан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер келди.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Аймактардан келген айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Бүгүнкү эфирде «Зомбулуктан ким утат?» деген тема талкууланат.
Катышуучулар: Диана Макембаева — Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, Калбү Осмонова — Совет айыл аймагынын башчысы.
Модератор: Кайыргүл Урумканова.