Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факт катталганын 27-сентябрда Жогорку Кеңеште аялдардын жана эркектердин тең укуктуулугу тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирген. Ал жалпы статистиканын арасынан 19 окуяны “орчундуу факт” деп атап, 7419 аялга милиция “коргонуу ордерин” жазып бергенин айткан.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.
«Зордук-зомбулукка кабылса эмне кылуу керек?», yшул тема боюнча ток-шоу Кыйында талкуу жүрөт.
Катышуучулар: