• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кылмыш ишин жабуу үчүн депутат Жумалиевден акча сураган жаран кармалды

21 Бештин айы 2020 12:53 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук милициясы «Финполдун кызматкеримин» деп Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден 20 миң доллар пара талап кылган жаранды кармады. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев белгисиз «А» аттуу адам Финансы полициясы тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотуш үчүн 20 миң доллар талап кылып жатканына даттанып, 5-декабрда кайрылган.

Бул факт бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 203-беренеси («Акча талап кылуу») боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү башталган. Ал эми акча талап кылган адам 20-декабрь күнү Жумалиевден 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. 24 жаштагы шектүү Т.А. эч жерде иштебеси, Бишкектин тургуну экени аныкталды. Ал Финполицияга эч кандай байланышы жок экенин, акчадан кыйналганда ушул жолго барганын милиция кызматкерлерине айтып берген. Учурда кармалган жарандын башка ушул сыяктуу иштерге тиешеси бар-жогу аныкталууда.

Бул арада Финпол Кубанычбек Жумалиевге карата ачылган сотко чейинки териштирүү улантылып жатканын билдирип, жалган маалыматттарга ишенбөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323 («Мыйзамсыз баюу») жана 324-беренеси («Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу») боюнча иш катталган. Анын алкагында Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган.

Кубанычбек Жумалиев 1998-2004-жылдар аралыгында транспорт жана байланыш министри, премьер-министр болуп иштеген. 2015-жылы «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Теги:
Количество просмотров: 685