• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кылмышкерлерди кармаш үчүн министрдин орун басары өзү көчөгө чыкты

20 Жетинин айы 201918:54 Бишкек Govori.TV

Бишкектин борборунда колуна бычак кармап жарандарга кол салган адамды кармоо маалындагы видео интернетке тарап, талкууга алынды. Тагыраагы кармоо учурундагы патрулдук кызматында иштегендердин алсыздыгы болду.

Алардын айтымында, министрдин орун басары өзү чуркап бычак көтөргөн адамды кармаган.

https://www.facebook.com/bolot.ibragimov/posts/1205644252956344

Эске салсак, Бишкекте троллейбустун ичиндеги жаран жүргүнчүлөргө бычак менен кол салды.

Маалыматка караганда, айдоочу Светлана Тургумбаева өз убагында милициянын патрулдук кызматын чакырганга үлгүрдү. Окуя № 2 троллейбуста болду.

Кол салган кишинин колунда бычак жана шибеге сыяктуу буюм болгон. Окуя бүгүн 20-ноябрда саат 12:00дөр чамасында болду.

Бейбашты кармоодо жардамга келген жолоочу жабыркап, ооруканага алып кетишти. Ошондой эле ал Ала-Тоо аянтында өтүп бара жаткан адамдарга кол салган.

Айрым маалымтаттрга ылайык, кармалган психикалык жактан жабыркаган адам экени айтылууда.

https://www.facebook.com/bespredelKG/videos/2537813742976593/?v=2537813742976593
Количество просмотров: 7050