• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өлкөдөн 23 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен шектүү кармалды

16 Жетинин айы 2020 13:10 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) өзгөчө ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясы чет мамлекеттердин аймагына товарларга төлөм деп жамынып алып, 23 миллион АКШ доллар (1 миллиард 633 563 970 сом) өлчөмүндө акча каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топтун ишин аныктап, алардын ишине бөгөт койгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагындагы аталган кылмыштуу топтун ишмердигинин натыйжасында, мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 347 миллион сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды.

Ушул жылдын 12-ноябрында акча каражаттарын чыгарууну жүзөгө ашырып келген “Т.М.” деген жаран кылмышка шектүү деп кармалып, 14-ноябрда баш коргоо чарасы каралып, камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Финполдон кошумчалашкандай, аталган кылмышка шектүү адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 70