• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын тизмеде турган «Казак» кармалды

17 Үчтүн айы 2020 23:03 Бишкек Govori.TV


Кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын тизмеде турган «Казак» кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын тизмеде турган,»казак» деген каймана атка ээ, 1981-ж.т. М.У. Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына бүгүн күндүн экинчи жарымында киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Ал Ош шаарынын Исанов көчөсүндө, «Народный» маркетинин алдында, түнкү саат 01.30 чамасында катталган каракчылык фактысы боюнча жүрүп жаткан тергөө иштерин алкагында каракчылыкка шектүү катары оперативдүү жол менен алынган далилдердин негизинде кармалды. Бул факты боюнча иликтөө иштери уланууда. Буга чейин эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүн президентин буйругу менен «Казакты” үй камагына чыгарган судья кызматтан алынган.

 Ош шаардык соту «Зордуктоо» жана «Ээнбаштык» беренелери менен шек саналып жаткан «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» Умар Маратов кандай негизде эркиндикке чыкканын түшүндүргөн.

Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов комментарий берген. Анын сөзү боюнча, Маратов Ош шаардык сотунун чечими менен ушул жылдын 8-январында үй камагына чыгарылган.

«Судья анын өздүгү такталганын, турукту жашаган жери бар экенин эске алып жана соттон качып кетүүгө себептери жок деген тыянакка келип, ошонун негизинде үй камагына чыгарган. Ал кечки саат 10дон эртең менен саат 6га чейин үйүнөн чыкпоого милдеттендирилип, аны көзөмөлдөө Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө жүктөлдү,» – деди Осмонкулов.

«Казак» деген каймана аты менен белгилүү Умар Маратов буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери боюнча соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктоо боюнча шектүү катары кармалган. Андан мурун Ош шаарындагы кафелердин биринде 23 жаштагы балага бычак сайып жиберген деп кармалган. Ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» катары каттоодо турат.

Количество просмотров: 4056