• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кылычбек Султан Президентке ультиматум койду

28 Аяк оона 2018 15:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.09.2018. Govori.TV
Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Ал өзүнүн билдирүүлөрү тууралуу иликтөө аяктаганга чейин Коопсуздук Кеңеши президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана өзүн убактылуу кызматтан четтетүүнү суранган. Анткени түзүлгөн кырдаалды адилеттүү иликтөөгө кызматтык кызыкчылыктардын кагылышы тоскоол болот деп эсептейт.
Ал кайрылуусунда бир нече айдан бери Тышкы иштер министрлигиндеги кемчиликтер тууралуу билдирүү үчүн президентке жолуга албай келгенин белгилейт. Ошондой эле бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, президенттик аппарат башчысына да бир нече жолу кайрылганын, бирок натыйжа болбогонун айтат.
“Эгерде жогорудагы жетекчилерди убактылуу кызматтан четтетүү мүмкүн эмес деп тапсаңыз, анда мени өз каалоом менен кызматтан бошотууңузду суранам. Анткени түзүлгөн кырдаалда кызматтык кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу адилеттүү иликтөө жүрүшү мүмкүн эмес деп эсептейм”- дейт элчи.
Эске салсак, 24-сентябрда элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги кемчиликтер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жасаган. Андан кийин 26-сентябрда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев аны кызматтан алуу сунушу менен президентке кайрылган. 27-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков элчинин айткандарын иликтөөнү Коопсуздук кеңешине тапшырган.

На данном изображении может находиться: текст

Количество просмотров: 13