• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Урмат Самаев: Президентке түз кайрылам

31 Үчтүн айы 2019 9:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.01.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевтин Токмокто кыргыз-казак чек арасында атышуу болуп, андагы катышуучулар окуяга тиешеси бар деп айтылып жаткан. Бул тууралуу эл өкүлү rezonans.kg басылмасына өз пикирин билдирген.

Эми Президентке түз кайрылып, Сизди атап жаткан соң аягы кандай болот деп ойлойсуз?

-Аскат Президентке, кыргыз элине калп айтып жатат. Ошондуктан, мен дагы бул иштин аягы акыйкат болушу үчүн Президентибизге кайрылам. Ал: «Самаев мени машинесине салып кетти…» деп жатат. Тескерисинче, мен анын машинеси менен келгеним, ишти милицияга билдирип, мыйзамдын чегинде чечүүгө чакырык жасагам. Аны ошол Токмок ШИИБсинин камерасынан тактасак деле болот. Экинчиден, мени «Андай иштерди мурда эле бүтүрүп жүргөн» дейт. Мен ИИМдин жетекчилигине, күч органдарына, Президенттин алдында ачык кайрылам, менин контрабандага же уюшкан кылмыштууулукка-ОПГга аралашканым боюнча мурда козголгон, токтоп калган, жабылган кылмыш иштерим бар-жок экенин дагы бир жолу карап чыккыла дейм.

— Сизге тууган делген Дастан азыр ооруканада жатат. Чүйдүн ички иштер башкармалыгын башчысы Самат Курманкулов ал да камакка алынаарын айтты. Ал-абалын сурадыңызбы?

— Жок, мен ооруканага барган жокмун. Тергөө иштери адилет жүрүп, Аскатпы, Дастанбы кимиси мыйзам бузса, мыйзам алдында жооп берсин. Мен эч бирине жан тартып, жактоочу болбойм. Мени карапайым эл шайлаган, элдин ишин аткарам.

Кызыгы буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов депутат Урмат Самаевдин суракка чакырылып, ал күнү окуя болгон жака барбаганын айткан.

Количество просмотров: 26