• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кылычбек Султан: «Супер-Инфо» гезити сатылган жок»

30 Бугу 201915:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.

2002-жылдын 31-майында «Супер-Инфо» гезитинин эң алгачкы саны жарык көргөн. 17 жыл аралыгында «Супер-Инфо» эң көп нускалуу, эң популярдуу да гезит боло алды. Ийгиликтин артынан ийгилик жаратты, ар кандай кыйынчылыктарды, сыноолорду да басып өттү. 17 жылдык мааракени утурлай, ошондой эле акыркы күндөрү гезиттин тегерегинде күчөп кеткен талкууларга чекит коюу максатында гезиттин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы жана Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан төмөндөгүдөй билдирүү жасайт.

«Супер-Инфо» гезити сатылган жок»
– Урматтуу окурмандар! Соңку күндөрү ар кандай кызыкдар тараптар «Супер-Инфого» байланыштуу ушактарды таркатуу менен алектенүүдө. Ал ушактар кээ бир саясатчылардын жана ЖМКлардын жеке кызыкчылыктарынан улам таркатылып жатканы мага даана билинип турат. Ушак таркатууга негизги аргумент катары «Супер-Инфо» гезитинин кеңсесинин жаңы дарекке көчкөнү колдонулууда. Редакция өзүнүн 17 жылдык тарыхында онго чукул кеңсе алмаштырган жана бул мекеменин өсүү процессиндеги кадимки эле көрүнүш.

Так кесе айтсам, гезит сатылган жок. Андан да так айтсам, гезит менен Райым Матраимовдун байланышы жок жана болгон да эмес.

«Супер-Инфонун» «Эльдорадого» келип калышынын таржымалы»
– «Эльдорадо» бизнес-борборунун жетекчиси Канат Маматов экөөбүз бир айылдан, бир көчөдөн болобуз. Тактап айтканда, Өзгөн районунун Мырза-Аке айылы, Коммунист көчөсү (кийинчерээк мен Ворошилов көчөсүнө, ал эми Канат Будённый көчөсүнө көчкөнбүз).
2008-жылдарга чейин экөөбүз бири-бирибизди жөн гана айылдаш, теңтуш катары билчүбүз. 2009-жылдан бери доспуз.

«Оппозициячыл Атамбаев жана бийликтин чабуулу Канат экөөбүздүн достугубузду бекемдеди»
– 2009-жылдан тарта Канат экөөбүздүн достук мамилебиз бекемделе баштады. Ошол кездерде оппозициялык КСДПнын, штабдын өкүлү катары Канат менен такай байланышта болуп, маалымат алмашып турдум. Ал кезде Канат оппозициянын атынан президенттикке бирдиктүү талапкер болгон Алмаз Шаршеновичтин штабында иштечү. Ал эми «Супер-Инфонун» жетекчиси катары мен гезит беттеринде бийликке да, оппозицияга да орун бергенге аракет кылчумун.

«Супер-Инфонун» мындай калыстыгы бакиевдик бийликке жакпай, тымызын коркутуулар орун алып, мага «дубай-саламдар» жолдоно баштады. «Супер-Инфо» Өмүрбек Текебаевгекараштуу имараттан чыгып кетсин» деген да талаптар болду. Бийликтин оппозиция менен иштешпөө талаптарына моюн сунган жокмун.

2009-жылдын жай айларында, президенттик шайлоого аз калганда, мындай коркутуулар ачык эле формага өттү: алгач «Супер-Инфонун» кеңсесине бир нече жолу «ууру» кирип, документтерди, акчаларды сейфтен алып кетишти. Андан кийин машинамдын терезесин сындырып кетишти.

«Белгисиз» күчтөрдүн эң чоң соккусу үй-бүлөмө карата болду – түнкү 1:30дар чамасында балдарым жаткан бөлмөнүн жанынан катуу үн чыгып, чочуп ойгондук. 9 жана 11 жаштагы балдарымды ойготуп, 1-кабатка качып түштүк. Кошуналарды ойготуп, милиция келгенче үйдүн эшигин кайтарып турдум – үйдүн ичинде ким болсо да качып кетишпесин деген ой болгон. Бирок чакырган милициябыз ыкчам аракеттерди көрүүнүн ордуна менин документтеримди текшерип, ар кандай суроолорду берүү менен убакытты өткөрүп туруп алды. Акыры милиция менен чогуу 2-кабатка көтөрүлдүк. Баарыбызды чочуткан үн – бул полдо турган вентиляторду бирөө жерге чаап салыптыр. Милиция бөлмөлөрдү карап чыгып, “күмөндүү эч нерсе жок” деп кетип калды.

Алар кеткенден кийин үйдү бир сыйра карап чыктым – эч нерсе жоголбоптур. Бирок 2-кабаттагы терезенин ачылып калганын, терезенин жанынан, полдон бут кийимдин издерин көрдүм. Табылган издерди айтып милицияга кайра чалганыбызда алар келүүдөн баш тартышты.
Ошентип үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн оппозиция менен иштешүүнү токтотууга аргасыз болдум…

Количество просмотров: 21