Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 3-июлда мурдагы элчи Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылып, андан 5 сааттан кийин чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Супер-Инфого 40 күн мурда жарыялаган билдирүүмдө көп нерселерге түшүндүрмө берип, ошол эле учурда саясат тууралуу ойлонбой, кеп козгобой саясаттан 1-2 ай эс алуу тилегимди айткан элем.
Тилекке каршы, ойлогон ойду реалдуулук башка жакка буруп жиберди. Тактап айтканда экс-президент Алмазбек Шаршеновичке карата адилетсиз иштер башталып кетти.
Мындай учурда үй-бүлөмдүн коопсуздугу, Супер-Инфонун коопсуздугу өзүмдүн коопсуздугум таразанын бир жагында, адамкерчилик – таразанын экинчи жагына коюлуп, жүрөгүмдү оюп жатты. Кыйынчылыкка кабылган адам түшүнөт – тааныган-билген адамдардан эч болбоду дегенде жылуу сөз күтүп каласың. Ошону түшүнгөн адам катары кечээ Алмазбек Шаршеновичке барып, адамгерчилик колдоомду билдирүүнү чечкен элем.
Ириген кыргыз саясатында бул адамкерчилик кадамым үй-бүлөмө, Супер-Инфого, мага маселе жаратаары түшүнүктүү эле болчу.
Ошентип, күтүлгөндөй эле, адамкерчилик кадамымдан бир сутка өтпөй жатып бийлик мага чабуулун кайрадан башталды»,-деп жазды Кылычбек Султан.