Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Белоруссиядагы эл аралык мелдешке катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Ага өлкө атынанан Улукбек Жолдошбеков,Эрназар Акматалиев
Нургазы Абдуразаков,Ислам Орозбеков,Эламан Догдурбек уулу, Ильгиз Жакыпбековдор баштаган тогуз балбан катышат.
Балбандарды коштоп, машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу менен Русланбек Мажинов барат.
Кошумчалай кетсек,турнир 9-11-август күндөрү Минск шаарында өтмөкчү.