• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргыз чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган адам жарадар болду

31 Бугу 201913:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.

Кечээ түнү Ош облусуна караштуу Араван районунда жайгашкан кыргыз-өзбек чек арасынан бир адам жарадар болду. Бул маалыматты Кыргыз чек арасынын маалымат катчылыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын бир нече жараны чек арага мыйзамсыз унаа менен кирип, чек ара күзөтүндө турган кызматкердин токтотконуна карабай сүзүп кетишкен. Буга ылайык күзөттөгүлөр ок чыгаруга мажбур болушуп, бир адам жарадар болгон.

Катталган факт боюнча эки тарап телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жүргузүп, жолугушуунун негизинде териштирүү иштери башталганы маалым болду.


Количество просмотров: 19