• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кыргыз циркинин директору Курмангазы Исанаев кызматынан бошотулду

20 Бештин айы 201810:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.12.2018.Govori.TV.

Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койгонун 20-декабрда мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Курмангазы Исанаев цирктин директору болуп, 2004-жылдын 6-октябрында ошол кездеги өкмөт башчы Николай Танаевдин буйругу менен дайындалган.

Кыргыз циркиедеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылган эле.

Количество просмотров: 49