Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, акын, адабий сынчы, Самсак Станалиев дүйнө салды. Бул тууралуу жазуучунун санаалаштары билдирди.
Самсак Станалиев 1950-жылы 11-сентябрда Токтогул районундагы Жазы-Кечүү айылында туулган. 1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1971–1972-жылдары Токтогул райондук «Учкун» гезитинде адабий кызматкер, 1977-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин жаштар редакциясында редактор, 1978–1980-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, улук кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылга чейин «Мектеп» басмасынын балдар жана жаштар адабияты редакциясында редактор, 1986-жылдан тарта «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий сын бөлүмүнүн башчысы, баяндамачы болуп иштеген.
2000–2001-жылдары Эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган «Кыргызстан» энциклопедиясын чыгарууга редактор катары катышып, 2001-2005-жылдары «Кыргыз Туусу» гезитинде саясий баяндамачы, 2005-2011 «Адабий Ала-Тоо» гезитинин башкы редактору болуп иштеген.
Ал поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. «Сүйүнчү», «Кыймыл», «Ылдамдык» аттуу поэтикалык жыйнактардын, «Ай нурунан аккан жаш», «Токтогулдун махабаты», «Акзыйнат», «Атайдын күйдүм чогу», «Жүрөктөгү ыр», «Раймалы» (Э. Отунчиев менен биргеликте), «Залкарлар сүйгөн сулуулар» сыяктуу тарыхта калган залкар инсандардын өмүр жолун изилдеген аңгемелердин, туңгуч советтик агартуучу, атактуу акын, 1938-жылы кандуу репрессиянын курмандыгы болгон Касым Тыныстановдун өмүр жолуна арналган «Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы», атактуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүр жолун баяндаган «Жылдын эң узак күнү», дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун тагдыр жолун ачып берген «Ак жарыктын айыкпаган сыныгы» сыяктуу тарыхый романдардын, ошондой эле 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулуп жарыяланган. Мындан тышкары «Токтогул району», «Бул эмне, ал ким?» аталыштагы балдар энциклопедиясынын жергиликтүү материалдарынын авторлорунун бири.
Автордун «Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы» романы орто мектептердин 9-10-11-класстарында кыргыз адабияты сабагынын программасына жана жогорку окуу жайлардын окуу программасына киргизилген.
Govori.TVнын жамааты жазуучунун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.