Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.
Москва шаарындагы эң ири концерттик залдардын бири CROCUS CITY концерттик залында Кыргыз Республикасынын эстрада жылдыздарынын жана сатира чеберлеринин катышуусунда 2019-жылдын 20-июлундагы концерттин өтпөй калгандыгы тууралуу КРнын РФдагы Элчилиги төмөндөгүлөрдү билдирет.
Аталган иш-чараны уюштуруучулардын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам, аталган концерт эки жолу өтпөй калып жатат. Биринчи жолу сатира жана юмор кечеси үстүбүздөгү жылдын 22-июнунда пландаштырылып, белгисиз себептер менен 20-июлга жылдырылган.
Кыргызстандан чакырылган артисттер жана Москвадагы кыргызстандык жарандар алданып жаткан жогоруда белгиленген окуяга байланыштуу, Элчиликтин Пресс-кызматы иш-чаранын негизги уюштуруучу А.Турдубаева Россия Федерациясынын жараны болгондугуна байланыштуу, ага карата РФнын тийиштүү мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаарын билдирет.