• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз футболчулары Сингапур курамасын жеңди

12 Жетинин айы 202110:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапур курама командасын 2:1 эсебинде жеңди.

Жолдоштук беттеш бүгүн, 11-ноябрда Араб Эмираттарындагы «Аль-Хамрия» стадионунда болуп өттү.

3-мүнөттө Айзар Акматов Фархат Мусабеков өткөрүп берген топту башы менен дарбазага киргизип, эсепти ачса, 9-мүнөттө чабуулчу Эрнист Батырканов экинчи голду киргизди. 21-мүнөттө атаандаштар бир гол жаратууга жетишти.

Кыргызстан менен Сингапур командалары 20 жыл мурда, 2001-жылы дүйнө чемпионатынын тандоо турунда кез келип, ошондон бери ойной элек болчу.

Количество просмотров: 49