• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз дары-дармек ташыгандар кармалды

17 Бештин айы 202013:28 Бишкек Govori.TV

Дары-дармектерди мыйзамсыз алып келген канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын алкагында Талас облусундагы «Чоң Капка» көзөмөл-өткөрүү бекетинен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылган.

«Такталган маалыматка ылайык, кармалган дары-дармектердин 176 түрү салынган 100 кутучанын тиешелүү уруксат берүүчү кагаздары болгон эмес. Алдын ала эсептөөлөр боюнча кармалган жүктүн баасы 4 миллион сомдон ашык суммага барабар»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда товардын чоо-жайын тактоо максатында материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жиберилген.

Количество просмотров: 121