• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Кыргыз-казак чек арасында элди жана автоунааларды өткөрүү токтоду

2 Чын куран 202018:47 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында адамдарды жана унаа каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулат:

Ушундан улам Кыргызстандын жарандары, Казакстандын аймагында болсо жана Казакстандан чыкканы жатса, Казакстандын жарандары Кыргызстанда болсо жана Кыргызстандан чыкканы жатса, «Чоң-Капка-автожол» (КР) – «Айша биби-автожол» (РК), «Ак-Тилек-унаажол» (КР) – «Карасуу-автожол» (РК) өткөрүү пункттары аркылуу гана кете алышат.

Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат.

Айыл чарба продукциялардын, тамак-аш азыктардын, эл керектөөчү товарлардын жүктөрү Кыргызстандан Казакстанга жана Казакстандан Кыргызстанга эки багытка тең чектөөсүз, ошондой эле транзиттик жүктөрдү ташуу «Ак-Тилек-автожолу» жана «Чоң-Капка-автожолу» өткөрүү пункттары аркылуу ишке ашырылат.

Темир жол жүк курамдарын өткөрүү «Кайыңды-темир жол» өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылат.

Количество просмотров: 190