• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кыргыз-казак чек арасында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

6 Бугу 202114:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 6-май күнү саат 13:07де Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айылында 5 балл, Кең-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Байзак айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык айылында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 149