• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Кыргыз куткаруучулар Түркияда тирүү калган дагы 3 адамды куткарды (видео)

19 Бирдин айы 2023 11:29 Бишкек Govori.TV

18-февраль күнү Түркиянын Хатай облусунун Антакья шаарындагы бөлүнгөн тилкеден кыргыз куткаруучулары 3 адамды 13 күндөн кийин тирүү куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Жер титирөөнүн кесепетинен түп тамыры менен урап түшкөн 6 кабаттуу турак үйдө куткаруучулар түрк жаранынын кайрылуусу менен улгайган аял кишинин сөөгүн издеп жатып тирүү адамдардын бар экендигин аныкташкан.

Урандынын астында калган жаран менен сүйлөшүүгө аракет кылган куткаруучулар ал жакта жалпы 5 адам бар экендигин айткан. Натыйжада куткаруучулар 1 саат аралыгында бир үй бүлө мүчөлөрүн толугу менен куткарып чыгышкан.
Алдын ала маалымат боюнча 40 жаштагы эркек 30-35 жаштагы аял киши (жубайы), 12 жаштагы уулун тирүү сактап калышкан. Ал эми 18 жаштагы кыз, 7-10 жаштагы бала каза болуп калган.

Количество просмотров: 164