• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

6 Кулжа 201911:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.

Кытай Эл республикасында “Ажыдаардын кайыктарынын фестивалын” (Күрүч майрамы) майрамдоого карата кыргыз-кытай чек арасы убактылуу 3 күнгө жабылат.

Белгилүү болгондой, 7-июндан 9-июнга чейин мамлекеттик чек аранын «Торугарт –унаа жолу» жана «Иркештам – унаа жолу» бекеттери убактылуу жабык болот.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, жүргүнчүлөрдү жана башка жүктөрдү өткөрүү 10-июнда кайрадан башталат.


Количество просмотров: 12