Бүгүн, 24-октябрда эртең менен кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жакын жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 4:49да катталган. Кытайда жер титирөө болду. Жер титирөөнүн очогу Бедел айылынан 26 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 80 чакырым түштүк-чыгышта жана Каракол шаарынан 132 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Бедел айылында жер титирөөнүн күчү 2 баллга жеткен.