• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Кыргыз почтасынын» кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты

11 Жетинин айы 2020 11:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте «Кыргыз почтасынын» кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты.

Акциянын катышуучулары коронавирус пандемиясынан кийин ай сайын төлөнүүчү сый акыны алып салышканын, айлык маяна 5-7 миң сомдун тегерегинде экенин билдирип, бул акчага азыркы шартта жашоо дээрлик мүмкүн эместигин айтышууда.

Ал эми “Кыргызпочтасы” ишканасынын маалымат катчысы Эркин Маматкуловдун айтымында, 30 га жакын кызматкер айлык маянасынын аздыгына арызданып жатышат. Маматкулов айлык кармалбастан убагында берилерин кошумчалады.

Количество просмотров: 101