• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев каза болду

17 Үчтүн айы 202312:30 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев каза болду. Бул тууралуу журналист Азиз Биймырза уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, Аликеев бүгүн, 17-январда дүйнөдөн кайтты. Ал акыркы учурда ооруп жүргөн.

Ырчы Малик Аликеев 1969-жылы 6-июлда Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында туулган.

Govori.TV маалымат агенттиги Малик Аликеевдин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Количество просмотров: 3834