• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз-түрк достугу ооруканасына кошумча 15 миллион доллар грант бөлөт

19 Жалган куран 2019 16:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.03.2019. Govori.TV

Бишкек шаарында курулуп жаткан мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасына Түркия кошумча 15 миллион доллар гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда айтылды.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, кыргыз-түрк ооруканасында иштеген түрк адистери менен кыргыз дарыгерлеринин эмгек акысы жогору болот.

Макулдашуунун алкагында Бишкек шаарында ачыла турган кыргыз-түрк ооруканасын эки тарап 3 жыл биргелешип башкарат, андан кийин аны башкаруу укугу кыргыз тарапка биротоло өткөрүлүп берилет. Өткөрүлүп берилгенден кийинки 3 жыл аралыгында Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мониторинг жана координациялоо жумуштары жасалып турат. Медициналык мекемеде жарандарга кызмат көрсөтө турган 72 жатак орун болот.

Количество просмотров: 26