• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек ара. Коомдогу чыңалууну алып келе турган маалыматтар үчүн УКМК эскертет

17 Аяк оона 2019 17:22 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, Интернет жана социалдык тармактардагы ар түркүн маалыматтардын таркалып жаткандыгына байланыштуу, КР УКМК эки мамлекеттин кызыкчылыктарына доо келтирген жана улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен провокациялык чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат.

Учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү “Максат” чек ара районундагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөзүп жатат.

Муну менен катар УКМК өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды атайын курчутуп, улуттар аралык кастык аркылуу массалык баш аламандыкты жана ар кыл каршылык акцияларын уюштурууга алып келе турган аракеттерди алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Буга байланыштуу, коомдогу чыңалууну алып келе турган маалыматтар менен материалдардын авторлоруна эскертүү берүү укугун колдоноорун билдирет.

Количество просмотров: 87