• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынчыды

31 Баш оона 201919:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.08.2019.Govori.TV.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айыл тургундарынын ортосунда түшүнбөстүктөр орун алып, Кыргызстандын Чек ара кызматы эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиргендей, окуя бүгүн, 31-августта Баткен районунун Таш-Тумшук айылында болгон. Анда  тажик тарап такталбаган аймакка асфальт төшөй баштаган. Чек арачылар ишти токтотууну өтүнүшкөн. Бирок алар аны эске албагандыгына байланыштуу  эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Ал эми тажик тарап Кыргызстандын чек арачыларына таш ыргытуу аракетин көрүшкөн. Натыйжада,  кыргыз тараптагы жергиликтүү тургундар да окуяга аралашкан. Окуя болгон жерге укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү барып коңшу элдин жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң тажик тарап асфальт төшөөнү токтоткон.

Учурда, Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал чечилгенин жана чек арада абал туруктуу экенин кабарлады.

Количество просмотров: 106