• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында эки тарап таш ыргытып чатакташкан эмес

19 Чын куран 2021 10:08 Бишкек Govori.TV

Кыргыз тараптын суу чарба кызматкерлери менен тажик айылынын 50гө жакын тургуну таш ыргытып чатакташты деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында жайгашкан Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайда жүрүп жаткан оңдоп түзөө жумуштарына Тажикстан тараптын чек арачылары «жумушту биргеликте жасайбыз» деп токтотууну талап кылышкан. Окуя боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлигинин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, кырдаалдын курчуп кетүүсүнө жол берилген эмес.

«Кыргыз тараптын суу чарба кызматкерлери менен тажик айылынын 50гө жакын тургуну таш ыргытып чатакташкандыгы тууралуу маалымат тараган. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Массалык чыр чатакка жол берилген эмес. Бул боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгы расмий маалымат таратты жана буга далилдүү видеолор бар экенин билдирди. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, облустун чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо, аткезчилик сыяктуу мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюу, чыр чатактарга жол бербөө боюнча иш аракетин активдүү жүргүзөт жана чек ара айылдарынын инфраструктурасын чыңдоо, элинин бакубат жашоосун камсыз кылуу багытында иш чараларды улантат»,-деп айтылат малыматта.

Количество просмотров: 75